Эльвира Сариева Таластагы жергиликтүү бийликтин башчыларына көмүрдүн баасын катуу көзөмөлдөөнү буйруду

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 24-октябрда Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Максаты - облустагы социалдык мекемелердин, тургундардын кышка даярдыгын текшерүү. Манас жана Кара-Буура райондорундагы кырдаалды көргөн вице-премьер мектеп, бала бакча, ооруканаларга көмүр жеткирүү графиги кыйшаюусуз аткарылышы керектигин тийиштүү жетекчилерге айтты. "Жергиликтүү бийликтин жетекчилери социалдык мекемелерге жана жеңилдиктер каралган жарандарга көмүр жеткирүү ишин бүтүрүүгө жооптуу. Булар отун базаларын көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоого жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүн болтурбоого да милдеттүү",- деди Сариева.  
Вице-премьер жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушуу өткөрүп, өкмөт сунуштап жаткан электр жана жылуулук энергиясынын жаңы тарифтери тууралуу түшүндүрмө берди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан