Улуттук банктын төрагасы президентке валютанын туруктуу курсун кармоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу айтты

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банктын төрагасы мамлекет башчысына финансылык жөнгө салуу иш-аракетинин негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле банк төлөм системиндеги туруктуулугун жана коопсуздугун сактоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу айтып, инфляцияны азайтуу, улуттук валютанын туруктуу курсун кармап турууга көрүлүп жаткан иштерди белгиледи. 

Президент Алмазбек Атамбаев макроэкономикалык тармактагы туруктуулук менен банк секторунун өнүгүшү маанилүү экенин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан