Бүгүн, 24-октябрда депутат Талантбек Узакбаев тарабынан демилгеленген “Ветеринария жөнүндө” КРнын мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоорунун концепциясы Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылган.
Коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тиешелүү өкүлдөрү, аймактардан келген ветеринардык адистер, жеке ветеринардык врачтар катышты.
Мыйзам долбоору калктын жана малдын ден соолугун сактоону камсыз кылуу, малдын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатуу, Мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүүгө багытталат.
Талкууда жеке ветврачтар долбоордогу мал ээлеринин укуктары белгиленген беренеге малдын ээси ветеринардык врачтарды тандоого укуктуулугун кошууну сунушташты. Мындай шартта мал оорусу катталган маалда жоопкерчилик ошол аймактык ветврачта болобу же мал ээси тандаган ветврачта болобу деген маселе жараларын айтышты.
Мындан сырткары талкуунун жүрүшүндө эпизоотикалык кырдаал жаралган учурда жергиликтүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин да кароо маселеси көтөрүлдү. Катышуучулардын бир катары кесиптик ишмердүүлүктүн баарын эле мыйзам долбооруна киргизе берүүнүн зарылдыгы жоктугун белгилешти.
Талкууга катышып отурган бир топ ветеринария тармагынын адистери ветеринардык врачтардын ролун жана макамын жогорулатууга жана Ветеринардык палата аркылуу ветеринарлардын квалификациясын жогорулатууга шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болуучу ченемдер мыйзам долбооруна киргендигин белгилешти.
Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер комитет тарабынан эске алынмай болду. Ошону менен бирге мыйзам долбоорун жактыруу менен экинчи окууга сунуштоо боюнча резолюция кабыл алынды.