КРнын Коргоо министринин буйругу менен 26-октябрь 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү болуп жарыяланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин борбордогу имаратынын жанындагы «Аскердик каармандык» монументинин алдында 1999-2000-жылдарда Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми болот. Алардын элесин митингдин катышуучулары бир мүнөткө унчукпай туруу жана үч жолуу залп атуу менен эскеришет.
Ага КР Өкмөтүнүн аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев, жоокер-баткенчилер, курман болгондордун ата-энелери жана жакындары катышат. Ошондой эле И.Панфилов атындагы эс алуу багында армиянын Борбордук үйү тарабынан Баткен окуясынын 15 жылдыгына арналган концерт жана митингдин катышуучулары, меймандар үчүн жоокердик ботко болот.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуялары Кыргыз Республикасы үчүн руханий жана нравалык уңгубуздун бекемдигинин, аскердик-саясий башкаруу органдарынын даярдыгынын, Куралдуу күчтөрдүн жана калктын мамлекеттин эгемендигин жана мамлекеттик коопсуздугун коргоо жөндөмдүүлүгүнүн, өлкөнүн аскердик-экономикалык потенциалынын мүмкүнчүлүктөрүнүн олуттуу сыноосу болуп калды.
15 жыл мурда болгон окуя Кыргызстандын жаңы тарыхына өзгөрүүлөрдү киргизе турган өзүнүн окумуштуулары менен тарыхчыларын таба турган учур да келет. Азырынча биздин жалпыбыздын милдетибиз – эл аралык терроризмдин душмандары менен кармашта элге жеңүүчү катары чыгууга жардамдашкан түбөлүк, ыйык нерселерди жоготпоо, ошол кыйын учурлар жөнүндө маалыматтарды, сандарды жана далилдерди кичинекейден болсо да чогултуу, бүгүнкү тынчтык күнүбүз үчүн өмүрүн бергендерди урматтоо.