Бүгүн, 24-октябрда жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча селектордук отурумдун жүрүшүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектин вице-мэри Олег Попиковду айрым суроолор боюнча сынга алды.
Башында Ж.Оторбаев отурумга мэр Кубанычбек Кулматов жана вице-мэр Марс Саккараевдин келбегендиги тууралуу суроо берди. “К.Кулматов ооруп жатат, ал эми Саккараев учурда иш сапары менен Кытайда жүрөт”,- деп жооп кайтарды Попиков. “Бүгүнкү отурумга катышпагандар мага кагаз түрүндө түшүндүрүүлөрдү тапшырышсын”,- деген премьер-министр эмне себептен шаарда күндүз жарык күйүп турганын сурады. Буга вице-мэр: “Түндүк электр” ишканасы жүргүзүп жаткан оңдоо иштеринен улам”,- деди. Өкмөт башчы бул тууралуу да кагаз түрүндө билдирүү тапшырууну буюрду.