Алмазбек Атамбаев: "Жыл сайын 300 чакырым жолду оңдоп, 150 чакырым жаңы асфальт жол курууга тийишпиз"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-октябрда Кыргызстандын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Сиздер эл чарбасынын эң орчундуу жана маанилүү тармагында жооптуу милдетти өтөп жатасыздар. Анткени азыркы заманды автомобилсиз элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми жолдор - кан тамыр сыяктуу өлкөнү алга жетелеп, өнүгүүнүн өбөлгөсү. Элдин турмушун жеңилдетип, алысты жакындатат, эки жээкти бириктирет. Элдер ортосунда алаканы арттырып, ынтымакты, биримдикти бекемдейт.

Акыркы жылдары автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Жолдорду куруу, оңдоо иштери Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган. Мамлекетибиздин негизги максаттарынын бири. Стратегияга ылайык, биз жыл сайын 300 чакырым жолду калыбына келтирүүгө жана 150 чакырымдан кем эмес жаңы асфальт жолдорду курууга тийишпиз.

Быйыл түштүк менен түндүктү бириктирген дагы бир кара жолдун курулушуна кириштик. Эл аралык транспорт коридорлорун калыбына келтирүү иштери аяктоо алдында турат. Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланууда. Эмки кадамыбызды өлкөнүн ички автомобиль жолдорун реабилитациялоого багыттамакчыбыз.

Жаңы жолдорду салалы, көпүрөлөрдү куралы, Кыргызстандын жолу ачалы. Жаратман ишибиз менен өлкөбүздү өргө жетелеп, мамлекетибизди бекемдейли!

Сиздер салган жолдор жакшылыкка, ынтымакка, биримдикке кызмат кылсын. Элибиздин жыргалчылыгына иштесин, мамлекетибиздин өнүгүшүнө жакшы кызмат өтөсүн.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалайм. Ар дайым жолубуз шыдыр болсун!"

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан