Азербайжанда Кыргызстандын элчилиги ачылат

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Азербайжанда Кыргыз Республикасынын элчилигин түзүү жөнүндө" документке кол койду. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

"Азербайжан Республикасы менен келишимге жана эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айдын ичинде Азербайжанда ачыла турган элчиликти каржы жагынан камсыздасын. Бул документке ылайык өздүк чечим кабыл алсын. Указ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет" деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан