"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамда коррупцияга жол ача турган ченемдер камтылып калган. Бул тууралуу депутаттар парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 24-октябрда өкмөт тарабынан жаңыдан сунушталып жаткан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угууда айтышты.
Тармактык комитеттин мүчөсү Майрамкүл Тиленчиева сунушталып жаткан мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуу жүрүмүндө мамлекеттик каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш экенин белгиледи. “Мамлекет башкы тапшырыкчылардын бири болуп саналат. Ошондуктан мамлекеттик сатып алуулар тутумунда баарына бирдей жана калыс шарттарды түзүп берүүгө тийиш”,- деди ал.
Иш-чара жүрүшүндө Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова менен Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев мыйзам долбоору жаатында маалымат беришти.
Парламенттик угуунун жүрүшүндө бюджеттин 20 пайыз каражаты же 22 миллиард сому мамлекеттик сатып алууларга жумшалары белгиленди. Мыйзамда тендердик документацияларды белгилүү бир мөөнөттө гана өзгөртүү шарты сунушталууда.
Депутат Бакыт Шаршеев ишти аткаруу актысындагы датага ылайык төлөм механизмин кароо сунушун киргизди. “Эгер аткаруучуларга өз маалында төлөнбөй калса, мамлекеттик органдын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартууга тийиш. Анткени төлөмдөрдү жөнү жок создуктура берүү өнөкөтү аны “кол кесер” берүүгө аргасыз кылуу менен, коррупциялык жосундарга жол ачат”,- деп кошумчалады ал.