Ысык-Көл облусу электр энергиясын лимиттен өтө ашыкча пайдаланууда

Ысык-Көл облусу учурда электр энергиясын лимиттен эки эсе көп пайдаланууда. Муну 23-октябрда өкмөттө өткөн жыйында аталган облустун жетекчисинин орун басары Акылбек Жаныбеков билдирди. "Электр энергиясынын бир күндүк лимити 1 миллион 800 миң киловатт-саат. Өткөн суткада электр кубатын колдонуу 2 миллион 400 миң киловатт-саатка чейин өстү. Минте берчү болсо, анда чектөө киргизүүгө мажбур болобуз",- дейт Жаныбеков. 
Жыйынга төрагалык кылган биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Каракол ЖЭБин көмүр менен камсыздоо маселеси курч бойдон турганын айтты. "Көмүр сатып алууга тийиштүү акча өз убагында бөлүнгөндөн кийинки көрүнүш ушул. Ишкана жетекчилигинин кышка кам көрүүдөгү пассивдүүлүгү көрүнүп турат. ЖЭБге 34 миң тонна көмүр керек болсо, учурда анын 4 миң тоннасы гана даяр",- деди өкмөт мүчөсү.
Сарпашев Ысык-Көл облусун кышка даярдоо иштерин 10-ноябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан