КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Лейлек районунун Искра айылындагы Манас жана Көк-Таш айылындагы К.Боронбаева атындагы мектептин ачылганына байланыштуу облус тургундарына куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Акыркы жылдарда билим берүү тармагына көп көңүл бурулууда. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен миллиарддаган каражаттар бөлүнөт. Жаңы стандарттар киргизилип, материалдык-техникалык база жаңыланууда. Жаңы мектептер курулууда. Бул мамлекет үчүн маанилүү кадамдардын бири. Мектеп партасында отургандардан келечегибиз көз каранды эмеспи" деп айтылат президенттин куттуктоосунда.