Учурдагы коалиция таркап, жаңыдан бириккен Өмүрбек Бабанов - Камчыбек Ташиев тандеми бийлик менен тил табышып, парламенттеги "Республика" жана "Ата Журт" фракциялары коалициялык көпчүлүккө кирип, "Ата Мекен" оппозицияда калышы мүмкүн. Мындай жоромолдор Ак үйдүн коридорлорунда акырын айтыла калып, токтоодо. Курулай кеп-сөздөр эмес, Жогорку Кеңештеги акыркы окуялар да "Ата Мекен" оппозицияга ооп, "Ата Журт" менен "Республика", тескерисинче, бийлик менен ымалага келе баштаганын ачык көрсөттү.
Алсак, энергетика жана өнөр жай министри кызматына талапкер катары сунушталган Кубанычбек Турдубаевдин 2004-жылы Жети-Өгүз РЭСин жетектеп турганда соттолгондугу ачыкталып, депутаттар арасында кызуу талаш-тартышты жаратты. Мурда "акча жеди" деп соттолгон болсо, андай адамды министр кылып шайлоо туурабы? Мына ушул суроонун тегерегинде болгон талаш-тартышта "Ата Мекен" толугу менен "министр болбошу керек" деп чыкты. Турдубаевди министрликке жолотпоо демилгесинин башында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев турду. "Бул киши 30 миллион сомду жеп койгону үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кийин мунапыска туш келип, соттолгондугу жоюлган. Бирок бул "Турдубаев акталган, кылмыш кылган эмес" дегенди билдирбейт. Соттолгонун өзү да моюнга алууда, "жаштык кылыпмын, эми таза иштейм" деп жатат. Муну министр кылып эмес, тескерисинче, жоопкерчиликке тартыш керек",- деп чыкты Текебаев.
Бирок депутаттардын көбү талапкерди колдоого ыктап, "мунапыс берилген экен, Турдубаевдин министр болушуна юридикалык жактан тоскоолдук жок" деп чыгышты.
"Турдубаевди өкмөт башчы сунуштады. Өкмөт башчы "Ата Мекендин" өкүлү, "Ата Мекен" коалициялык көпчүлүктүн курамында. Коалициялык көпчүлүк, бир пикирге келе албасаңар, анда өкмөттү "оптом" кетирели да, башкасын дайындайлы". Дал ушундай пикирлер айтылды парламентте.
Добуш берүүдө 72 депутаттын колдоосу менен К.Турдубаев министр болуп шайланды. Коалициялык көпчүлүктүн ичинен жалгыз "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары толук бойдон "каршы" деп добуш беришти. Калган 4 фракциядагы депутаттардын дээрлик баары Турдубаевдин министр болушу үчүн добуш беришти. Демек, жакында коалициялык көпчүлүк таркап, жаңы коалиция түзүүдө "Ата Мекен" оппозицияда калышы мүмкүн.
"Ата Журт" менен "Республика" партиялары бирикти. Демек, бул эки партиянын парламенттеги фракциялары мындан ары бардык маселелерде бирдей чечим чыгарышы толук ыктымал. Белгилеп кетчү жагдай, коалиция куроодо депутаттардын саны мааниге ээ. Андыктан "Ата Журт" менен "Республиканын" биригиши парламенттеги коалиция куроо процессине олуттуу таасир эте алат.