Бүгүн, 24-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө жана Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага депутат Асия Сасыкбаева катышып, спикер Асылбек Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуп берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жээнбековдун куттуктоо сөзүнүн тексти:
“Урматтуу дипломаттар жана дипломатиялык кызматтын ардагерлери!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматкерлеринин күнү жана Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күн ата мекендик дипломатиянын баалуу салттарынын уланышын, анын мамлекеттик саясаттагы өзгөчө ордун белгилейт. Биз дипломаттарыбыздын жогорку кесиптик жетишкендиги, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого кошуп жаткан чоң салымы менен сыймыктанабыз.
Дипломаттардын азыркы мууну Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин тарыхында жаңы барактарды ачып, татыктуу салым кошуу аракетин көрүп жатат. Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда кадыр-баркын бекемдөө, өлкөнүн улуттук таламын талашып, кызыкчылыгын коргоо менен тышкы саясатты так, натыйжалуу жүзөгө ашырууда дипломатиялык кызматкерлерге жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөн.
Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин арты менен тышкы саясатта жемиштүү ийгиликтерге жетиштик. Чет мамлекеттер менен эки тараптуу өз ара пайдалуу мамилелер бекемделүүдө, өлкөбүз Евразия экономикалык интеграция алкагында алга жылууда. Үстүбүздөгү жылы Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын “демократия боюнча өнөктөш” статусун алгандыгыбыз олуттуу окуя болуп калды. Бул Кыргызстандын парламенттик демократия багытында туура жолдо бара жаткандыгын дүйнө коомчулугу тааныгандыгын айгинелейт. Ошол эле учурда жакынкы аралыкта мамлекеттин өнүгүү багытында жогорку максаттарды ишке ашыруу милдети турат. Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Европадагы кызматташтык жана кызматташуу уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңеши, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу бардык эл аралык уюмдардын алкагында ырааттуу кызматташа билген ишенимдүү өнөктөш болуп саналат.
Сиздердин жигердүү демилгеңиздер, ишке болгон жогорку деңгээлдеги дипломатиялык мамилеңиздер көпчүлүк учурда Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн эл аралык талапка шайкеш камсыздоого чоң таасирин тийгизет. Мындан ары да мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектене берериңиздерге ишенем.
Сиздерге албан ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм. Бардык ой-тилек, максаттарыңыздар ишке ашсын!”