Президенттин "КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "КРнын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин жана КРнын муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын эффективдүүлүгүн андан ары жогорулатуу максатында документке төмөнкүдөй толуктоо кирди. 
Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестринде:
- "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главанын "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министрлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты" деген графасы төмөнкүдөй мазмундагы VI топ менен толукталат: "Инспектор", "Эксперт".
- "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген  3-главанын 3.1-пунктунун "Башкы кызмат орду" деген тобунун "Г-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда берилет: "Референт". 
Өкмөткө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү милдети жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан