Бөдөш Мамырова КРнын Эл артисттери Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаеванын мааракелик иш-чарасына катышты

Вице-спикер Бөдөш Мамырова 24-октябрда Бишкекте өткөн КРнын Эл артисттери Сатыбалды Далбаевдин 80 жылдык жана Мираида Далбаеванын 75 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты. Депутат жарым кылымдан ашуун чыгармачыл жол басып, калктын жүрөк түпкүрүнөн түнөк тапкан жубайларды Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун атынан куттуктады.

"Урматтуу Сатыбалды ага! Ардактуу Мираида эже!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан 80 жана 75 жаш мааракеңиздер, куш канатындай жуп жашап келатканыңыздарга 56 жыл толушу менен чын дилимден куттуктайм. Бул маараке жеке Далбаевдердин эле эмес, жалпы улуттук театр өнөрүн сүйүүчүлөрдүн да чоң майрамы десек эч жаңылбайбыз. Мындай кутман куракка куру келген жоксуздар. Ыйык өнөр секисинде көптөгөн каармандардын образын жаратып, алар кыргыз искусствосунун Алтын фондунан орун алды. Эң башкысы, сиздер улуттук театрыбыздын жүзү катары таанылуу менен, калкыбыздын жүрөк түпкүрүнөн түнөк таап отурасыздар",- деп башталган куттуктоодо театр таланттарынын маданиятка кошкон салымы, тарбиялаган шакирттери тууралуу кенен сөз болот.

Спикер аларга узун өмүр, чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан