Электр энергиясын сураганы өкмөттүк делегация бүгүн Түркмөнстанга барат

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 24-октябрда кышка даярдык көрүү боюнча өкмөттө жыйын өткөрдү. Жыйында кышка карата отун камдоо, оңдоо иштеринин жүрүшү, социалдык мекемелердин даярдыгы тууралуу маалыматтар берилди. Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 728 миллион метр куб суу бар. Бул өткөн жылдын азыркы мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 177 миллион метр кубга аз. Кыргызстандын бардык облустарында электр энергиясы лимиттен ашыкча пайдаланылып жатканы айтылып, өкмөт башчы буга жол берилбеши керектигин тийиштүү жетекчилерге эскертти.  

Бүгүн, 25-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль баштаган кыргызстандык делегация электр энергиясын сатып алуу маселесин сүйлөшүү үчүн Түркмөнстанга барат.  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан