Бишкекте 24-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 70 жылдыгына жана дипломатиялык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Аталган министрликтен билдиришкендей, жыйынга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, дипломатиялык кызматкерлер, тармактын ардагерлери жана башкалар катышты. Иш-чаранын алкагында мыкты дипломатиялык кызматкерлерге Жогорку Кеңештин, өкмөттүн Ардак грамоталары, президенттин буйругу менен дипломатиялык рангдар берилди. Кыргызстандын дипломатиясынын тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, келгендер кеченин соңунда таанышып чыгышты.