Ала-Бука райондук салык кызматынын башчысы Максатбек Исмаилов жана Кемин райондук салык кызматынын башчысы Тынычбек Шейшеналиев кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов кол койгонун 24-октябрда мекемеден билдиришти. Аталган жетекчилер 2014-жылдын 9 айы боюнча салык чогултууда милдеттерин так аткарбаганы үчүн кызматтан алынганы айтылды. 20-октябрда Мамлекеттик салык кызматында 9 айдын жыйынтыгы талкууланган отурум өтүп, салык чогултуу, карыздарды жоюу, тармактагы коррупцияны азайтуу маселелери талкууга алынган.