Алмазбек Атамбаев өлкө элин Кыргызстандын жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-октябрда өлкө элин Кыргызстандын жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди жергиликтүү жамааттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемендүүлүк жылдары жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өлкөбүздүн аймактарынын, айылдарынын жана шаарларынын өнүгүшүндө маанилүү милдет өтөдү. Акыркы 20 жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системинин калыптанышы кыйла кыйынчылыктар менен коштолду. Кыргызстандагы күчтүү жарандык коомдун түптөлүшү жана демократиянын бекемделиши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдогу маанисин жылдан-жылга жогорулатты.

Акыркы жылдары өз алдынча башкаруу системи өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. 2017-жылга чейин өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы жана элдин биримдигин, этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы иштелип чыкты. Бул кадамдар аймактардын экономикасын өнүктүрүүдө, социалдык маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийликтердин өз алдынчалыгын ырааттуулук менен бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Чек ара аймактарындагы элдин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык жакшы мамилелерди сактап калууда өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуудагы жергиликтүү жамааттардын ролу өзгөчө белгилеп коюуга татыктуу.

Өз алдынча башкаруу органдарын реформалоодо мыйзамдардын карама-каршылыктарын жоюу, мамлекеттик органдар менен өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактоо, аймактардагы мамлекеттик долбоорлорду каржылоону көзөмөлдөөдө жергиликтүү администрациялардын ролун күчөтүү зарыл.

Учурда кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууда, социалдык тармакты бекемдөөдө, экономиканы өнүктүрүүдө коомдук институт катары жергиликтүү жамааттар зор салым кошот деп мамлекет ишенет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жакшыртып, жергиликтүү жамааттар алдында отчёттуулукту өркүндөтүү зарыл.

Аймактарда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга жана саясатка бардык жарандар демилгелүү катышууга тийиш. Күч-аракетибизди бириктиргенде гана кыргызстандыктардын жашоо шартын жакшыртып, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жетише алабыз.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Кыргызстандын айылдарындагы, шаарларындагы мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сиздерге зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Сиздер мамлекет менен жарандардын ортосунда көпүрөнүн милдетин өтөп жатасыздар. Калктын жашоосун жакшыртуу сиздердин жер-жерлердеги маселелерди терең билгендигиңиздерге, эл арасында жүргүзгөн ишиңиздерге жараша болот.

Өлкөбүздүн келечеги жана жалпы кыргызстандыктардын байгерлиги үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мындан ары да чыңдай бересиздер деп ишенем.

Чың ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан