22-24-октябрь күндөрү Лейлек районундагы Бешкент айыл аймагында "Стихия - 2014" деп аталган эл аралык аскердик машыгуу өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, иш-чара чек ара аймактарындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга багытталган. Максаты - Баткен облусундагы күч органдарынын жана Жарандык коргоо мамлекеттик системинин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү жана чек арадагы өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу пландарын Тажикстан менен бирге иштеп чыгуу.