Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль бүгүн, 25-октябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Өкмөттөн билдиришкендей, жолугушууда Диль Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата президент Алмазбек Атамбаевдин жана премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин куттуктоолорун Бердымухамедовго жеткирди. Тараптар эки өлкөнүн соода, экономика жана маданият тармагындагы кызматташтыгын талкуулашып, сүйлөшүүнүн негизги темасы энергетика маселеси болду.
Бердымухамедов эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда конструктивдүү алаканы түзүү жана өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү ыргагын өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеген. Тараптар президент Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстанга болчу иш сапарынын негизги багыттары боюнча да пикир алышты. Валерий Диль Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасы Р.Мередов жана башкалар менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
Айта кетсек, бүгүн кыргызстандык делегация Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо маселесин сүйлөшүү үчүн иш сапары менен аталган өлкөгө барды.