Бүгүн, 2014-жылдын 25-октябрында Кубанычбек Турдубаев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, КРнын Энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат-бөлүмү билдирди.
Кубанычбек Турдубаев:
Туулган жылы - 1972-жыл, 8-февраль.
Туулган жери - Чүй облусу.
Энергетика тармагында 1996-жылдан бери иштейт.
2010-жылдын апрель-сентябрь айларында "Чыгыш электр" ААКсынын башкы директору;
2010-жылдын ноябрынан 2011-жылдын майына чейин Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун биринчи орун басары;
2011-2014-жылдары "Түндүк электр" ААКнын техникалык директору, башкы директору;
2014-жылдын 12-майынан бери энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеп келген.