Украинада бүгүн, 26-октябрда Жогорку Радага кезексиз шайлоо өтүүдө. Өлкөдөгү 33 миллион шайлоочу үчүн 213 шайлоо округунда 32 миң шайлоо участкасы иштеп жатат. Чет элдик маалымат булактарына таянсак, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы кырдаалга байланыштуу Донецк жана Луганск облустарындагы 15 округда добуш берүү процессин уюштуруудан баш тартты. Шайлоодо 29 саясий бирикме ат салышууда, добуш берүүнүн жыйынтыгында 450 депутат (225и партиялык тизме боюнча, 225и мажоритардык округдардан) шайланмакчы. Өлкөнүн маанилүү иш-чарасына 2321 эл аралык байкоочулук кылып, шайлоо участкаларындагы тартипти 80 миң укук коргоо кызматкери көзөмөлдөшүүдө. Добуш берүү бүгүн саат 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча 23:00) токтотулат.