Бишкекте Кыргызстан менен Грузиянын президенттери өлкөлөрдүн мамилесин бекемдөөнү сүйлөшүштү

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 25-октябрда Бишкекте Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-грузин мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Президенттер соода-экономикалык тармакта, ошондой эле Кыргызстан менен Грузиянын маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө даярдыгын билдиришти. 

Айта кетсек, Грузиянын президенти Кыргызcтанга иш сапары менен келген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан