Жоомарт Оторбаев автотранспорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 26-октябрда Кыргызстандын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчы автомобиль транспорту жана жол тармагынын өлкө турмушундагы мааниси жогору экенин белгилеп, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу негизги милдеттердин бири экенин айтты. "Автомобиль транспортунун заманбап өнүгүү ыргагы тармактын алдына жаңы милдеттерди коюуда. Аларды ишке ашыруу силердин кесипкөйлүгүңөрдөн, жоопкерчиликтүүлүгүңөрдөн жана өз ишиңерге берилүүңөрдөн көбүрөөк көз каранды",- деген Оторбаев тармактын кызматкерлерине жана ардагерлерине бекем ден соолук, бакыт жана иштерине ийгилик каалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан