Украина: Парламенттик шайлоодо 7 партия 5 пайыздык чектен өттү

Украинада 26-октябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо 7 партия 5 пайыздык чектен өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматтарына караганда, “Пётр Порошенконун блогу” 23 пайыз добуш жыйнаса, андан кийин “Элдик фронт” - 21,3 пайыз, “Өз ара көмөктөшүү” - 13,2, “Оппозициялык блок” - 7,6, “Эркиндик” - 6,3, Радикалдык партия - 6,4, “Батькивщина” 5,6 пайыз добушка ээ болду. 

Шайлоого катышууга 52 партия катталса, анын 29у гана катышканы айтылды. 5 жылдык мөөнөткө 424 депутат шайланат: 199 бир мандаттуу жана 225и партиялык тизме менен келет. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан