Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 27-31-октябрь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-октябрда өткөн жыйынында токтом кабыл алынган. Жыйында төрага Асылбек Жээнбеков азыр аймактарга барып иштеп келүү туура болорун, анткени ноябрь жана декабрь айларында парламентте карала турган бир катар маанилүү маселелер турганын белгилеген.