Алмазбек Атамбаев: "Шайлоолорго бир жыл убакыт барында биз тоскоолдук жараткан маселелерди чечишибиз керек"

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүн, 27-октябрда өтүп жаткан жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: "Шайлоолорго бир жыл убакыт барында биз тоскоолдук жараткан маселелерди чечишибиз керек",- деп билдирди.  

Ушул жылдын 25-апрелинде өткөн отурумда шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу маселеси талкууланган. Анда кеңештин мүчөлөрү тарабынан биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча өкмөттүн дарегине сындар айтылган. Бүгүн биз эмнелер аткарылды, маселелер кантип чечилип жатат, бизде бюджет эмне болду, ушуларды карайбыз. Шайлоолорду өткөрүүгө каражат бөлүнгөнбү?”- деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле президент партиялар шайлоо мыйзамдарынын өзгөргөндүгү менен таанышып жетишүүсү үчүн шайлоо мыйзамдарына өз учурунда толуктоолорду киргизүү керектигин кошумчалады. 

Жыйында "Таза шайлоо - өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн өбөлгөсү" деген маселе боюнча Улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган чечими жана Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча өкмөттүн маалыматы талкууланууда. Ага премьер Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан