Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүн, 27-октябрда өтүп жаткан жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: "Энергетика жаатында жаңыча иш алып баруу зарыл. Жарыкты өчүрбөй, канча керек болсо, ошончо энергетика менен камсыздоо кажет. Биз Бажы биримдигине киргени жатабыз. Кымбат болсо да электр энергиясы болушу шарт. Бизде көмүр көп, аны элге жеткирүү боюнча иш алып баруу керек",- деди.
Ал эми өлкөдөгү коррупциялык кырдаал жана ММКлардын абалына токтолуп: "Өлкөнүн жүзү үчүн ММКга "ыраазычылык" билдириш керек. Биздин өлкөдөн башка эч бир жерде массалык маалымат каражаттары бийлигин мынчалык каралабайт. Алар "Кыргызстанда баары жаман, коррупция өнүгүп жатат" деп жазышат. Бул өлкөнү жана чындыкты сыйлабагандык",- деп 4,5 жылдын ичинде Кыргызстан коррупция менен күрөшүп келе жатканын айтты.