Бүгүн, 27-октябрда Баткен окуясынын 50гө чукул катышуучусу Ак үй алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен Баткен окуясынын катышуучуларына жардам берүүнү талап кылышууда. Акцияга чыккандардын бири Асылбек Моноев буларды айтты: “Мындан төрт-беш жыл мурун мамлекет тарабынан газ, светке 50 пайыз жеңилдиктер каралып турган, азыр эч кандай жардам болбой жатат. Өкмөт бизди унутуп койду. Ошон үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө кайрылып жатабыз. Койгон талабыбыз: мамлекеттик төлөмдөрдүн 50 пайызын кыскартып, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп беришсин”.
Эскерте кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен окуясы болуп, андан 35ке жакын адам курман болгон.