Депутат Алмазбек Баатырбеков Баткен окуясынын катышуучуларынын талабын укту

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков Баткен окуясынын катышуучуларынын тобун кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Баткен жоокерлеринин республикалык комитети” бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиев бүгүн митингге чыккандыгын, бирок аларда эч кандай агрессиялык, каржылык сындуу талаптар жоктугун айтып, болгону 15 жылдан бери Баткен окуясынын катышуучулары көңүл сыртында калып келе жатканына нааразычылыктарын ортого салды. Депутат Баатырбеков кийинки муунду атуул кылып тарбиялоо багытында Баткен окуясынын катышуучуларынын жасап жаткан иштерине ыраазычылыгын билдирип, айтылган талаптарын өкмөт өкүлүнө жеткирүү керектигин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан