Кечээ, 26-октябрда "Манас" аэропортунда Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы Баку-Бишкек-Баку түз каттамынын ачылышы болду.
Бакудан Бишкек шаарына конгон учакта Азербайжандын министрликтеринин жана ММК өкүлдөрү, ишкерлер келишти. Учакты салттуу түрдө суу салюту менен тосуп алышты. Иш-чарага КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Орудев жана башка расмий өкүлдөр катышты.
"Эки борбор ортосунда түз рейс ачуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бишкек — Баку — Бишкек каттамынын транспорттук маанисинен сырткары соода-экономикалык, маданий гуманитардык мааниси чоң. Ал эки мамлекеттин ортосундагы туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт",- деди Сарпашев. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайты жарыялады.