Бүгүн, 27-октябрда президент
Алмазбек Атамбаев жарандык милдетин жана кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн белгилүү журналист
Сыргак Абдылдаевди Эрдик медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Журналист Сыргак Абдылдаев “Репортёр Бишкек” гезитинде иштеп жаткан учурда ага кол салуу болуп, анын денесинин 22 жерине бычак сайылганы аныкталган. Ал 2009-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Швециянын Эстерсунд шаарында жашайт.