Бүгүн, 27-октябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич!
Улуттук майрам - Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташууну чыңдоо жана кыйла кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын канааттануу менен белгилейм.
Кыргыз-түркмөн өз ара аракеттенишүүсү мындан ары дагы ачыктыктын, өз ара урматтоонун жана конструктивдүү диалогдун маанайында ырааттуу жана ыкчам өнүгөрүнө терең ишенем.
Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, боордош Түркмөнстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”.