Спикер Ага-хан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-октябрда Ага хан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Шамш Кассим-Лахканды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага алгач өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө жана тоолуу аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүп жатканы үчүн Ага-хан фондуна ыраазычылыгын билдирип, фонддун "Тоолуу аймактарды колдоо жана атуулдук коомду өнүктүрүү" программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Билим берүү тармагындагы кызматташтыкка токтолгон төрага кыргыз тарап Нарын шаарында курулуп жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн гуманитардык жана прикладдык илим боюнча мектептин кампусу жана Борбор Азиядагы университетти өнүктүрүүчү жогорку мектепке өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Кассим-Лахкан өз кезегинде Нарын шаарында курулуп жаткан университеттин курулушунун долбоорун көрсөтүп, бул объектинин курулушу активдүү фазага өткөнүн маалымдады. “Биз абитуриенттерди 2016-жылдын сентябрынан тартып кабыл алууну пландап жатабыз”,- деди ал.

Жолугушууда ханзаада Карим Ага-хан IV Кыргызстанда күтүлүп жаткан жумушчу сапарына байланыштуу маселе козголду. Бул иш сапар алкагында бир катар жолугушуулар өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен аталган фонддун кызматташуусунун тегерегинде пикир алышат.

Тараптар ошондой эле өлкөдөгү парламенттик демократиянын өнүгүшүнө байланыштуу пикир алышышты. Жээнбеков жарандык коомдун өлкөдөгү демократиялык институттардын ишин бекемдөөдөгү ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан