Кыргызстандын өкмөтүн кен иштетүү тармагындагы 8-9 чет элдик компания сотко берүүдө. Муну 27-октябрда "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы
Токон Мамытов телеканалдардын бириндеги түз эфирде билдирип, соттошуунун аягы кыргыз тарапка жагымсыз болуп калышы мүмкүн экенин айтты.
"8-9 компаниянын бизди сотко берип жатышы, албетте, ойлондурат, коркунучтар бар. Анткени сотто компаниялардын баарын утуп чыгабыз деген ишенич жок. Бул жаатта бизде юристтер иштеп жатат. Документтерди тактап, сотко жиберишибиз керек",- дейт Мамытов.
Эскерте кетсек, жакында Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койду. Мунун себеби - Кыргызстандын "Станс Энерджи" фирмасына 118,2 миллион доллар компенсация төлөп бербей койгону. Сот чечимине ылайык, кыргыз тарапка аталган акцияларды сатууга, пайдаланууга, алмашууга, өздөштүрүүгө жана күрөөгө коюуга тыюу салынды.
Аталган фирма "Куттуу-Сай 2" кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп табуу боюнча сот процессинин башталганы үчүн 118,2 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин аткарууну Кыргызстандан талап кылууда.
Мындан башкалары да соттошууга өтүптүр. Эгер сот жыйынтыгы компаниялардын пайдасына чечилсе, кыргыз тарапка экономикалык жактан катуу сокку уруларын адистер айтышууда.