Өмүрбек Текебаев: "Радикалдуу кадамга барып, "Кумтөрдү" "Центеррадан" тартып алышыбыз керек"

"Кыргызстан канадалык тараптын шарты менен "Кумтөр" боюнча соттошсо 20 жыл соттошуп, аягында утулат. Андыктан соттошуунун кереги жок, ишкананы улутташтыруу зарыл. БУУнун документтерине ылайык, "Кумтөрдү" алардан тартып алууга (улутташтырууга) Кыргызстандын толук укугу бар". 
Мындай пикирди 27-октябрда телеканалдардын бириндеги түз эфирде депутат Өмүрбек Текебаев айтып, улутташтыруудан коркуп жаткан өкмөттү сындады. Депутаттын айтымында, өкмөт "сотко берсе утулабыз" деп коркоктук кылууда. 
"Конституциябызда улутташтырсак, компенсация төлөп берүүгө милдеттүү болорубуз жазылган. Бирок алардын экологияга келтирген зыяндарын жана башка туура эмес иштеринин негизинде соттон 0:0 эсебинде чыксак болот. Тилекке каршы, "Кумтөрдү" кантип улутташтырсак болорун өкмөт ойлонуп да койгон жок, анын ордуна Аткинсондун (Ян Аткинсон, "Центерранын" президенти) аргументтерин айтып отурат. Керек болсо, аскерлер менен курчатып, "Кумтөрдү" иштетүүнү токтоттурбашыбыз керек. Каякка барышат? Башка ишкана келип, ишти андан ары улантып кеткидей шарт түзүлүшү керек. Президент Алмазбек Атамбаев айткан "радикалдуу кадам" ушул",- деди Текебаев.
Текебаев "Кумтөрдүн" ишин атайлап токтоткон жетекчилерди 15 жылга чейин эркинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда четке кагып салганын кошумчалады.   
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан