Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Жыйында “Ош облусундагы жана Ош шаарындагы билим берүү, маданият жана массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө” маселе талкууга алынат. Талкууга вице-премьер-министр Эльвира Сариева, өкмөттүн Ош облусундагы укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башка тиешелүү жактар катышмакчы.