Жоомарт Оторбаев акыркы 2 жылда укук коргоо органдарындагы айлыктарды көтөрүүгө 2 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты

Кыргызстанда акыркы 2 жылда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу үчүн 2 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөн. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтты.  
Премьер-министр билдиргендей, сот жана укук коргоо тутумун өнүктүрүү үчүн Сот тутумун 2017-жылга чейин өнүктүрүү программасы бекитилген. Соттордун жана сот кызматкерлеринин айлыгы 50-200 пайызга чейин көтөрүлгөнү айтылды. Ички иштер органдарын реформалоо иши таптакыр кыймылдабай жатканын айткан Оторбаев "Калк тараптан укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк сакталып турат. Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчилиги кыска мөөнөт ичинде укук коргоо түзүмүн реформалоо боюнча кескин чараларды кабыл алуусу зарыл" деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан