Жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасы түзүлсө, шайлоодо добуштар уурдалбайт. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 27-октябрдагы өкмөт жыйынында билдиргендей, ушул аптада облустарга биометрикалык жабдуулар жеткирилет. "Кыш мезгилинде айылдарда биометрикалык маалыматтарды топтоону бүтүрүү зарыл. Жазында жана жайында жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен айылдык кеңештерге шайлоолор өтөт (жаңы ыкманы текшерип көрүү үчүн шайлоо). Мында биз биометрикалык база жарандардын добуштарынын уурдалбай тургандыгына кепилдик берерин көрсөтүшүбүз керек. Биометрикалык база шайлоодогу "карусель" ыкмасын колдонууга жана урнага бюллетендерди тутамдап таштоого тыюу салат",- деди Сарпашев.