Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы азыркы энергетикалык кырдаал боюнча билдирүү жасады. Анда тармактагы коррупция үчүн бир катар жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керектиги айтылат. Камбар-Ата 2 ГЭСинин курулушун улантууга убагында акча бөлүнүп, аны айрым жетекчилер "максимдик" жана "ширшовдук" схемалар аркылуу ар кайсы фирмалардын эсебине которуп, мамлекетке 1 миллиард 230 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылды. Бул ишке күнөөлүүлөргө айып тагылган, бирок 2012-жылкы мунапыстын негизинде алардын көбүнүн иши кыскарып, кийин алардын айрымдары кайра жетекчилик кызматтарга дайындалышкан. Алар:
Бектурсун Качканкулов, "Камбар-Ата ГЭС-2" ААКнын башкы директору;
Осмонбек Бакиев, Бишкек жылуулук электр борборунун директорунун орун басары;
Акбаралы Кудайбердиев, "Камбар-Ата ГЭС -2" ААКнын башчысынын орун басары;
Осмон Качкынбаев, "Нарынгидроэнергострой" ишканасынын директору.
"Ата Мекен" фракциясы энергетикадагы азыркы кырдаалды эске алып, жогорудагы жетекчилерди кызматтан бошотууну, аларды кызматка дайындаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.