Бүгүн, 28-октябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Жыйында аймактагы билим берүү, маданият жана массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча маселе каралууда.
Иш-чарага депутаттар Каныбек Осмоналиев, Роза Акназарова, Надира Нарматова, Айнуру Алтыбаева, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.
Каныбек Осмоналиев акыркы мезгилде өлкөнүн билим берүү, маданият, жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив жаатында көйгөйлөр көбөйүп кеткенин белгиледи. “Бизге жарандардан андай көйгөйлөрдү чечүү талабы коюлган кайрылуулар көп түшүүдө. Аны өзүбүз дагы көрүп турабыз. Ошондон улам жер-жерлерде мыйзамдардын аткарылуу жүрүмү тууралуу маалыматтарды угуп, кыйчалыш маселелер жаатында пикир алышуу зарылдыгы пайда болду”,- дейт депутат.