Алмазбек Атамбаев менен журналист Сыргак Абдылдаев өлкөдөгү коомдук-саясий маселелерди, коррупция менен күрөш жана ар кайсы тармактагы реформалардын иш жүзүнө ашырылып жатканын талкуулашты.
Мамлекет башчы өлкөнүн демократиялык жактан өнүгүүсүндө ММКнын ролу өзгөчө экенин белгиледи. Ошондой эле мындан ары да Кыргызстандагы сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүн шарт түзүлөрүн кошумчалады. Ал өз сөзүндө: "Журналисттин эрдиги анын чындык, акыйкаттуулук жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө билинет. Анын жумушу өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн болушу керек",- деди. Президент Сыргак Абдылдаевге бекем ден соолук каалап өттү. Бул тууралуу 28-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.