Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 28-октябрда жамаатка тааныштырылды. Аны министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине вице-премьер-министр Валерий Диль тааныштырып, Турдубаев министрлик кызматка оор кырдаалда дайындалганын белгиледи. Турдубаев ишеним көрсөткөнү үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирип: "Азыр кырдаал татаал, тез жана чечкиндүү кадамдарды жасоо зарыл. Жалпы баарыбыздын эмгек, республиканын бул кырдаалдан чыгышына жардам берет деп үмүттөнөм. Кесиптештеримдин потенциалына ишенем",- деди министр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан