Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери
Төрөбай Зулпукаров Ноокаттагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Темир-Корук жана Т.Зулпуев айылынын Айбек орто мектебинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы
Мирланбек Турсункулов билдирди. Зулпукаров кечээ, 27-октябрда Ноокаттагы Төөлөс, Көк-Жар, Н.Исанов айылдарынын эли менен жолугушуп, электр энергиясынын жаңы тарифтери, таза суу, электр жарыгынын өчүрүлүшү сыяктуу көйгөйлөр менен таанышып чыкканын кошумчалады ал.
Айта кетсек, 27-31-октябрь күндөрү парламент депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.