Жоомарт Оторбаев министр Турганбаевге "Бишкек ШИИББин башкарып тургандагыдай иште" деди

Бүгүн, 28-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды. Жолугушууда Жоомарт Оторбаев М.Турганбаевге Бишкек ШИИББин жетектеп турганда колдонгон иш принциптерин республика алкагында пайдалануу сунушун бергенин билдирди.

Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчилиги кыска мөөнөттө укук коргоо блогун реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алууга тийиш”,- деди Оторбаев.

Турганбаев министрлик коррупцияга каршы туруу жаатында ишти жандандырып, “Коопсуз шаар” жана “Электрондук КУП” долбоорлорун ишке ашыруу алкагында каралган даярдык көрүү иш-чараларын өткөрүүнү баштаганын билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылы өкмөт укук коргоо органындагы ардагерлеринин пенсиялары жогорулатылып, укук коргоо орган кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга акча бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан