Башка аймактардан келген 500дөн ашуун этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгы берилди

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 536 адамга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын жарандыгын алып жаткандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар.

Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматында “1995-жылдан бери 51 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилген. Ал эми 27 584 адам өз каалоосу менен жарандыктан чыгарылган. Жарандык алгандардын 40 миңден ашууну коңшу өлкөлөрдөн кайткан этникалык кыргыздар” деп айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан