Социалдык өнүгүү министрлигинин 118 кызматкери биометрикалык маалыматын тапшырды

Бишкекте жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо иши уланууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, 27-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин 118 кызматкери биометрикалык маалыматын тапшырса, бүгүн, 28-октябрда ИИМдин академиясынын жетекчиси Жеңиш Жакыпов баштап, мекеменин 120 кызматкери тапшырды. 
Айта кетсек, өкмөт биометрикалык маалымат базасын кийинки шайлоолорго чейин, тактап айтканда, 2015-жылдын күз мезгилине чейин түзүүнү пландоодо. Быйыл кышында республиканын айылдарында маалымат топтоо иштерин аяктоо тапшырмасы берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан