Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки жылдын бюджетинен маданият тармагына көбүрөөк акча бөлүүнү айтышты

Ош шаарында бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин көчмө жыйыны өттү. Жыйынга катышкан депутат Каныбек Осмоналиев билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү белгилеп: “Кыргыз парламенти көйгөйлөрдү чечүүнү колго алууда. Жакында эле билим берүү кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча токтом кабыл алынып, өкмөткө бул маселени тезинен чечүү тапшырмасы берилди”,- деп билдирди.

Депутаттар “Сулайман-Тоо” маданий-этнографиялык комплексин коргоо, мектептердин ашканасындагы жабдуулардын абалы, эне тилди өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Китепканачылардын айлыктарынын аздыгын айткан депутат Айнуру Алтыбаева: “Жыйындын жүрүшүндө каржылоо маселеси көп көтөрүлдү. Айтылган өтүнүчтөрдү эске алуу менен, билим берүү жана маданият тармагын каржылоону жакшыртуу маселесин катуу койбосок болбойт. Бул нерсе кийинки жылдын бюджетинин долбоору каралып жатканда да эске алынышы керек”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан