Токиодо 28-октябрда ишкерлердин форуму болуп өттү. Ага Кыргызстандан 25, Япониядан 20 ишкер жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Форумда япониялык ишкерлер Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат алып, эки тараптуу кызматташтыкты талкууга алышты.
Ошондой эле япониялыктар кыргыздын каада-салты менен таанышышты. Иш-чаранын башкы максаты -ишкерлердин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүнө шарт түзүү, тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү. Форумду Жаш ишкерлер ассоциациясы" КРнын Япониядагы Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз-япон ассоциациясы ишке ашырды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.