Вице-премьер-министр Валерий Диль 28-октябрда венгриялык "Intertraverz" компаниясынын президенти Отто Хьюбер менен жолугушту. Жолугушууда компания башчысы вице-премьерге Кыргызстанга орто жана кичи кубаттуулуктагы ГЭСтерди куруу боюнча сунуштарын карап көрүүнү сунуштады. Диль венгриялык инвесторго Кыргызстандагы азыркы энергетикалык кырдаал боюнча маалымат берип, жыйынтыгында тараптар ортосунда кызматташуу боюнча меморандум иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Меморандум түзүлгөндөн кийин аталган компания жаңы долбоорлорду ишке ашырууга киришмекчи.
Венгриялык бул компаниянын кичи ГЭСтерди куруу жаатында тажрыйбасы мол экенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.